www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда баңгизат чегип алган жаран Жол кайгуул кызматынын инспекторунун колун автоунаанын терезесине кыпчып, 700 метрдей сүйрөп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, полициянын бүгүн таңкы саат 05.30 чамасында инспекторлор BMW 730 автоунаасын токтотуп, тагылган номери жараксыз экенин аныкташкан. Ал эми 39 жаштагы айдоочунун документин текшерип жатканда, жанында отурган жүргүнчү рулга отуруп айдай качкан.

"Полиция кызматкерин сүйрөп кеткен киши кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон маалда баңгизат чегип алып жүргөн. Аны токтотууга аракет кылган инспектордун колун терезеге кыпчып алып 700 метрдей сүйрөп, андан ары из жашырып кеткен. Инспектор медициналык жардам алды, учурда абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости