www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы үч жылдын ичинде Орусиядагы бийлик органдарынын чыгымдарына бюджеттен 1,5 триллион рублден ашык каражат жумшалат. Анын 45 миллиарды өлкө президентин жана анын администрациясын тейлөөгө коротулат.

Бир жыл мурун эле мамлекеттик бюджеттин долбоорунда президенттин жана анын администрациясынын керектөөсүнө миллиард рублге, премьер-министр менен өкмөттүн аппаратына үч миллиард рублге аз каражат каралган.

Азыркы мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө кагазда чыгымдардын көбөйүшү — аткаминерлердин айлыктарынын индексациясы, авиаучуулардын кымбатташы, мамлекеттик сыйлыктардын даярдалышы жана 2024-жылы өлкө башчынын инаугурациясы өтө тургандыгы менен түшүндүрүлгөн.

Маалыматка караганда, баарынан көп — дээрлик 719 миллиард рубль сот системасынын ишине багытталат. Бул сумма азыркы судьялардын айлыктарына кошумча төлөмдөрдү кошууга, отставкадагы судьяларга акча төлөп берүүгө жана сотторго күзөттү күчөтүүгө жумшалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости