www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2008-жылдын 26-сентябрында БШКнын төрайымы Клара Кабилова коомчулукка пресс-конференция берет. Ал президенттин уулу тарабынан мазактоого жана үркүтүп -коркутууга дуушар болдум деп, бетин тытып ыйлап, жетелеп жүрүп ушул кызматка алып келген президентке сын айткан. Ал эми президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Медет Садыркуловго ачуу сындарын айтып, абийирин төгөм деген. Медет Садыркулов тарабынан БШКнын ишине кийлигишүүлөр болгонун курч сынга алат. Ошол күнү өз эрки менен БШК төрайымын тапшырып, Москвага кире качат. Анын кызы Орусиянын жаранын алууга аракет кылат. Клара Кабилова Орусиянын жаранын алдыбы, анын артынан түшкөн эч ким болгон жок.

Бир гана Клара Кабилова жашырынып атын өзгөртүп алганы белгилүү. 2015 - жылы «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү катары шайлоо тизмесине кирет. 2018-жылы депутат Аида Салянованын ордуна парламентке келет. 2020-жылы парламентке «Мекенчил» партиясынын тизмесинде келген. Бийлик алмашкан соң Клара Кабиловадан Гүлнара-Клара Самат болуп аты-жөнүн өзгөртүп Жекшенкуловдун ордуна Орусияга элчи болуп келет. Кызыгы, элчи Гүлнара-Клара Самат өз жарандарынын үстүнөн арыз жазгандыгы жана күч органдарына салып бергендиги бул дүнүйө жүзүндөгү тышкы саясатта болуп көрбөгөндөй катачылык кетирип жана Кыргыз мамилекетин уят кылды. Кайсы элчи өз жарандарын өзү элчилик кылган мамлекеттин коопсуздук органдарына салып берет?

Ушул жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Орусия Федерациясынын тышкы иштер министирлигине жазган арызынын негизинде «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун президенти А.А Шакировду ФСБ кызматкерлери кармап кетишкен. Кармап кетүүсүнүн себеби төмөндөгүдөй болуп чыкты: «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун президенти А.А.Шакиров, президенттин кеңешчиси Т. Орозбаев, «элчи Гүлнара-Клара Саматтын иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып жатат» деп арызда жазылыптыр.

Мунун себебин иликтеп көрөлү. Элчи Гүлнара-Клара Самат жумушка дайындалып келген күнү А. Шакировду жана кеңешчиси Т.Орозбаевди чакырды. Кабинетине эң биринчи кадамды чогуу таштоо максатын айтты. Гүлнара-Клара Самат 2001-жылы «Кыргыз биримдигинин» уставын жазып, учредитель болгондугун билдирди. Бул жолугушууда мындан ары чогуу иш алып барып, элдин көйгөйүн чогуу чечип, Кыргызстаныбызга чоң салым кошобуз деп сүйлөшүлгөн болчу. Убакыт таап правление мүчөлөрүн жана төрага төрайымдарды кабыл алууну макулдашыптыр.

Арадан бир айдай убакыт өттү, таанышуу иретинде кабыл албаптыр, андан кийин дагы Т.Орозбаев менен болгон жолугушууда, «Сочиге Президентибиз С.Н.Жапаров келет мен 14 күн пандемияга байланыштуу изоляцияда болом жолугушуу бүткөндөн кийин кабыл алам» деп убада берип, ал да өттү, жолугушуу болгон жок.

Андан соң, «Питерге барам андан ары Кыргызстанга Москва шаарындагы Фуд Ситинин ээлерин Президент С.Н.Жапаров менен жолугуштурам чоң инвестиция алып барам андан кийин жолугам» деп айтор, 7 айдан бери элге убада берип, бирок убадасына турбай келе жатат. Жетекчи катары, ар бир элчи менен болгон сөздү коомдун жыйынында правление мүчөлөрүнө жана төрага, төрайымдарга жеткирилип туруптур.

Мындай калп мамиледен кийин официалдуу түрдө 14.07.21 жылы (тиркелме №1) Гүлнара-Клара Саматка кат менен кайрылуу жасашат, ал катка 1 айдан кийин жооп берди (тиркелме №2), анда «убакытка карап кабыл алам каралуучу маселелерди жазып койгула» деп жооп берген. Кайрадан 11.08.21-жылы кат жазылыптыр (тиркелме №3), элди кызыктырган суроолорду тизмектеп. Андан бери да канча убакыт өтсө да жолугушуу боюнча жооп болгон эмес.

Кыскасы элдин көйгөйү элчи Гүлнара-Клара Саматты кызыктырбаганын байкалды. Ушул жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маареке өткөрүлсө, ага да ар түрдүү шылтоолорду айтып келген жок, элчи айымга Кыргызстандын эгемендүүлүгү да кызыктырбайт экен. Келип 5 минут элге кайрылуу жасаганга да жарабады. Элчи айымдын дипломатиялык тажрыйбасы жок, эл аралык мыйзамдарды билбегендигин көрсөттү.

«Венская конвенция о дипломатического сношения» 1-глава 3-статья-аккредитация болгон өлкөдө жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо дипломаттын милдети деп жазылып турат жана «Венская конвенция консульского сношения» 1-глава 5-статья-аккредитация болгон өлкөдө жарандардын кызыкчылыгын жана укугун коргоо консулдардын милдети болуп саналат.

Аликбек Жекшенкулов Москвада элчи болуп турганда мигранттарга кам көрүлүп, укуктук, моралдык жактан колдоого алынып турган. Өзгөчө пандемия айларында күнү-түнү талыкпай иштеп, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүдө жол тапкычтыгын, профессионалдык деңгээлин көрсөткөн. Орусия менен Кыргызстандын алакасын жакшыртууга, өлкөбүзгө гуманитардык жардамдарды алып келүүгө салым кошкон. Ток этери, Аликбек Жекшенкуловду убагында баалай албаптырбыз.

А азыр эмне болуп жатат? Гүлнара-Клара Самат аттуу Орусиядагы элчинин ишине ичи чыкпагандар арбыды. Соңку убакта мекендештерибизге кысымдар арбып, ар кандай куугунтуктарга кабылып жатканы кабарланууда. Укуктары тебеленген мигранттарды эмнеге колдобойт?

Депортацияга кабылган жердештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошо албайбы? Дал ошол кара жумушта кыйналып иштегендер өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп жатышканын кантип жашырабыз? А элчибиз эшек такалап отурабы? Айтор, түйшөлткөн суроолор арбын. Иш жүзүндө Гүлнара-Клара Самат өз милдетин так аткара албай жатканы, тажрыйбасы жетпегени байкалды. Эки мамлекеттин алакасын жакшыртууга салым кошмок тургай, аракетин да көрө албадык, эмне ишти кыйратканы белгисиз.

Быйылкы жылдан баштап Орусиядан келген азык-түлүктөр, күйүүчү майлар, курулуш материалдары дээрлик эки эсеге чейин кымбаттап кетти. Социалдык-экономикалык жактан Кыргызстанга кыйынчылык жаралууда. Мамлекетибиз артка кетүүдө. Бул жагынан элчи кандай иштиктүү демилгелерди алып чыкты? Кабар жок.

Кыскасы, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү Гүлнара-Клара Самат дипломатиялык чеберчилигин көрсөтмөк тургай, эң жөнөкөй элчилик кызматтын жүгүн тарта албады. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана президенттин администрациясы баа береби? Он миңдеген мекендештерибиздин тагдырын кайдыгер айымдын колуна салып берип коёбузбу? Андай арам ойлуу элчилерге натыйжалуу чара көрүлүп, ордуна иш билги, профессионал элчи дайындалабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости