www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, офицердик курамдын айлык акылары 50%га, ал эми сержанттык курамдын айлык акылары 30 %га көбөйгөн.

«2018-жылы сержанттык курамдын айлык акылары 30%га көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, офицердик курамдын айлык акыларын 50 пайызга, ал эми сержанттык курамдыкын 30%га көтөрүү чечими кабыл алынган. Мисал келтире кетсем, буга чейин взводдун командири 7 миң 600 сом алса, учурда ал 12 миң сом алат. Ошондой эле бригаданын командири буга чейин 9 миң алып келсе, ал 14 миң сом алат», – деп түшүндүрдү ал.

Оморов кошумчалагандай аскер кызматкерлери сентябрдан тарта жогорулаган айлык акыларын алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости