www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда жана декабрь айында Кыргызстанда коронавирустун кайрадан күч алары күтүлүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, вирус мутация болуп, формасын улам өзгөртүп жаткандыктан санитардык алгоритмди сактоо керек.

«Окуу процесси башталды, жакында парламенттик шайлоо өтөт. Эл массалык түрдө чогулуп жатат. Андыктан ноябрь-декабрь айларында коронавирус көбөйөт деген прогноздор бар. Аны менен катар сасык тумоо дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда вирустук инфекциялардын күч алышы кадыресе көрүнүш», - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтүп бүтсө, вирусту ооздуктаса болорун кошумчалады.

«Өкмөт менен министрлик төртүнчү толкунга даяр. 2-3 айга кеңири жете турган дары-дармек, коргонуучу каражаттар бар», — деди министр.

Эске салсак, учурда коронавирустун үчүнчү толкуну өтүп жатат. Акыркы күндөрү ооруну жуктургандардын саны азайып, күн сайын 100 кишиден төмөн болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости