www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилесек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110%га индексацияланган. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785,4 сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости