www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дүйнөлүк эпостор фестивалы Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгын бекемдөөгө олуттуу салым кошот”, - деди кечээ, 23-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази .

--“Акыркы жылдары Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу күч алып, эки мамлекттин ортосундагы узак мөөнөттүү программасы кабыл алынганын жана учурда аны ишке ашыруу боюнча тараптар иштеп жатат.

Кыргызстан менен Ирандын элдеринин эки тараптуу кызматташуусу үчүн бекем негиз катары окшош тарыхы жана маданияты болуп саналат.

Учурдагы эки мамлекеттин мамилеси бир тууган элдин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын жакшы мисалы болуп саналат. Бири-бирине болгон ишеними жогорку деңгээлде экени байкалды. Эл аралык маселелер боюнча көз караштын окшоштугу, биргелешип кызматташууга жол ачууда.

Маданият жаатында жакын мамлекеттер болгондугу менен, өз ара урмат-сый көрсөтүүдө. Ачык-айкындуулук, ишеним жана өз ара кызыкчылыктын негизинде шериктиктин бекем пайдубалын түзүүдө. Дүйнөлүк эпостор фестивалы дагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Мени Кыргызстандын улуттук каада-салттары, ууз-чеберлери, даамдуу тамак-аштары суктандырып жатат”, - дейт элчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости