www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда COVID-19дун үчүнчү толкуну төртүнчүгө айланды

Орусияда коронавирустун үчүнчү толкуну төртүнчүгө айланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекционисти билдирди деп жазат РИА Новости.

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында 39 400 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус тастыкталды. Алар федерациянын 85 аймагынын жашоочулары, деп билдирди өлкөнүн ыкчам штабы.

Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 8 834 495 адам коронавирус менен каттоого алынган.

Учурда 2 млн 1942 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларында болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости