www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга Түштүк Африкадан келген эки адамдан коронавирустун жаңы омикрон штаммы аныкталганын Роспотребнадзордун басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү журналисттерге билдирди. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

«Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту тарабынан жүргүзүлгөн геномдук секвенирлөөнүн натыйжасында обсерваторияда болгон биринчи күнү алынган ПЦР тести оң болгон эки бейтапта омикрондук штамм тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан ведомствонун маалыматы боюнча, Түштүк Африкадан келген 10 жарандан ПЦР-тест оң чыккан. Учурда адистер штаммдарды аныктоодо.

Эске салсак, 26-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Африканын түштүгүндө табылган B.1.1.529 коронавирусунун штаммын грекче omicron тамгасы менен белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө, бул түрдүн «көп сандагы мутациялары бар, алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат», анткени ал вакциналардын натыйжалуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, штаммдын жайылуу мүмкүнчүлүгү жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости