www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын борбор шаары Москванын Домодедово аэропортунан учкан жана ичинде 71 жүргүнчү орун алган Саратов аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын учкандан 2 мүнөт өткөн соң радарга карматпай кеткени жарыяланды.

Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигинин кабарына караганда Саратов аба жолдору иштеткен «Антонов Ан-148» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын Москванын айланасына түшкөнү билдирилди.

Москванын Өзгөчө  кырдаалдар боюнча башкы башкармалыгынын жарыясына караганда учактын Раменский шаарына түшкөн болушу мүмкүн экени жана куткаруучу топтордун аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Издөө-куткаруу топтору учактын кыйрандыларына жетилгенин, 71 жүргүнчү жана экипаждан аман калган эч ким болбогонун жарыялады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитирий Песков, президент Владимир Путиндин Раменскийге түшкөн учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындарына кайрат айтканын билдирди.

Песков, Путиндин окуя тууралуу атайын комиссия түзүлүшү боюнча буйрук бергенин айтты.

Москвадан Орскка учкан учакта 65 жүргүнчү жана 6 экипаж бар болчу.

Бул учурда Орусиянын транспорт министри Максим Соколовдун иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн учак түшкөн аймакка аттанганы маалымдалды.

Cоколов, аба шарттарынан тартып учкуч катасына чейин бардык альтернативалар иликтенип жатканын айтты.

Орусиянын Териштирүү комитети да окуя тууралуу териштирүүнү баштатты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости