www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусиянын Новосибирск шаарында кармалган тажик жараны Диловар Жураев бошотулду. Бул тууралуу Тажикстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

«Озоди» радиосунун кабарчысы менен маектешкен Жураев тергөө абагынан чыкканын ырастап, азыр үйүндө жакындары менен отурганын билдирген.

«Ооба, мени белгилүү бир аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотушту. Демек, иш бүтө элек... Мындан тышкары мен орус жарандыгынан да ажыратылгам. Эми мени экстрадициялоо тууралуу чечим жокко чыгарлгандан кийин гана Орусиянын жарандыгын алууга арыз бере алам», — деди ал.

Кыргызстандын бийлиги Жураевди «бейбаштыкка» жана «улут аралык кастыкты козутууга» айыптоодо. Ал 8-сентябрда Бишкектин өтүнүчү менен кармалгандан бери Новосибирск шаарындагы № 1 тергөө абагында камакта отурган.

13-ноябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына кат жолдоп, Жураевге карата тагылган айыптоолордо саясий боёк бар экенин белгилеп, «Бишкектин өтүнүчүн кароосуз калтырып, аны камактан чыгарууну» өтүнгөн.

Ал ортодо быйыл 16-сентябрда Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерде тажик чек арачылары тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны Саидакмат Артыковдун жакындары аны бошотууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылышты. Алар Артыков абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатыр болууда.

44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында «чек арадан мыйзамсыз өттү» деген кине менен кармалган. Учурда Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагында отурат. Жакындарынын айтымында, ал камалгандан кийин саламаттыгы кескин начарлап, эки ирет ооруканага түшкөн. Акыркы жолу 10 күн бейтапканада жатып, кайра абакка которулганына төрт күн болду.

Ноябрдын башында Кыргызстандын акыйкатчысы тажикстандык кесиптеши Умед Бобозодага расмий кат жолдоп, тажик күч органдары кармаган кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөөнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости