www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин аймактык өкүлдөрү аймактардагы шайлоонун абалы боюнча маалымат берди.

 

Маалыматка ылайык, жалпысынан Республика боюнча 80 мыйзам бузуу фактысы катталган.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан – 18 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Баткен облусунан – 1 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Жалал-Абад облусунан – 7 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Ыссык-Көл облусунан – 8 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Нарын облусунан – 5 мыйзам бузуу фаткысы катталган;

Ош облусунан – 19 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Ош шаарында – 6 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Талас облусунан – 4 мыйзам бузуу фактысы катталган;

Чүй облусунан – 12 мыйзам бузуу фактысы катталган;

«Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Арыз үстүнөн текшерүү иштерин жүргүзүп, керектүү чара колдонобуз дейт» коррупцияга каршы ишкер кеңешинин аймактык өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы кабарлаган.

Жарлыкта Министрлер кабинетин жана аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоону таза өткөрүү боюнча талаптар жазылган. Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Борбордук шайлоо комиссиясы жана бардык укук коргоо органдарына шайлоонун мыйзамдарына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости