www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда коронавирустун “омикрон” штаммын аныктоочу тест-система сыноодон өткөрүлөт.
Бул тууралуу Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова билдиргенин жергиликтүү ЖМКлар жазды.
"Бүгүнкү күндө жаңы “омикрон” штаммына тест-система жасалган, учурда ал Түштүк Африкада сыналып жатат. Орусияда да вирус бар болгондуктан, биз аны өлкөдө сынай алабыз”, - деди Попова Илимдер академиясынын мүчөлөрүнүн коомдук чогулушунда.
Орусияда коронавирустун бул түрүн жуктурган 16 учур катталды. Анна Попованын айтымында, алардын 11и эмдөөдөн өткөн.
Роспотребнадзордун адистери президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Түштүк Африкага 13-декабрда учуп барышкан. Алар өлкөдө “омикрон” штаммына изилдөө жүргүзүп, аны дарылоонун жолдорун изилдешет.
SARS-CoV2 коронавирусунун жаңы түрү биринчи жолу ноябрда Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Штаммда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун ондогон мутациясы бар. Алдын ала тыянактар боюнча коронавирустун бул варианты иммунитети абдан алсыз, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүккөн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атаган.
ДССУ “омикрон” штаммынын жайылышынан улам ооруканага жаткырылгандардын жана каза болгондордун санынын көбөйүшүн күтүүдө. Окумуштуулар ошондой эле учурда үстөмдүк кылып турган "дельтаны" сүрүп чыгарат деп болжолдошууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, “омикрон” вакциналардын натыйжалуулугун азайтышы мүмкүн, бирок анча коркунучтуу эмес.
Гамалея борборунун директору Александр Гинцбург коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн бейтаптарда оору жеңил өтөрүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg