www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Атай мырза менен болгон маекке назар салыңыз, окурман.

- Актёрдун күчтүүлүгү режиссёрдун жүзү экен. Кайсы режиссёрлор менен иштештиңиз?

- Чүй театрында раматылык Б. Абдылдаев, Шаардык театрында казак режиссёру Бекбулат Парманов, тажик режиссёру Султан Осмонов, Овлякули Хаджикули, Марат Козукеев, Замир Сооронбаев, Шамиль Дыйканбаев менен иштештим. 

- Режиссёрдун оюна кошулбай өз оюңузду ынандыргыңыз келеби?

- Раматылык М. Козукеев менен “Тумар ханыша” спектаклинде Кир падышанын образын чыгарып берерде талаш-тартыш болгон. Негизи чыгармачылыкта талаштан тактык, ошондон улам чындык чыгат. Актёрдун дагы өзүнүн көз-карашы, ой-мүдөөсү болуусу зарыл. Мындайча айтканда актёр “чүпүрөк” болуп бербөөсү керек деп ойлойм.

- Актёрдук кесипти тандагандар кимдир бирөөгө таасирленип актёр болгусу келгенин кездештирип келебиз. Сизде да ошондой таасир калтырган актёр же актриса болгондур...

- Актёрлордон жаккандар бар, бирок эч кимди кумир туткан эмесмин.  Биздин корифейлерден Советбек Жумадыловду актёр катары жогору баалайм, уникалдуу актёр эле. Ар кимдин көз-карашы ар башка, кээ бирлери М. Рыскулов же дагы бири С. Жамановду ж.б. актёр, актрисаларды баалашат. Эң баалаган актёрум Жумадылов мейли кинодо болобу же театрда болобу “тонкий психология” менен ойной алган бул актёрдой жокко эсе.

Тек гана спектаклдерде аткаргандарын көрүп калдым, жакындан тааныбаганым өкүнүчтүү. Мен ичим тызылдап жатканы Жумадылов ким болгон деп сурасанчы, жаштар тааныбай калды. Убагында Союз учурунда 15 республиканын ичинен эӊ алдыӊкы актёрлордун бири эле. Биздин замандаштардан раматылык Марат Козукеев. Бардык жанрда ишенимдүү ойночу. Марат агайды мыкты партнёр эле деп атай алам. Колдо бар алтындын баркы жок деп, көзү тирүүсүндө баалай албай калдык. Азыр караанын кайсалактап таппай калдык.

- Актёр үчүн аткарыла элек роль кызык экен...

- Классикалык чыгармалардан У. Шекспирден “Ричардды” аткаргым келет. Кийин убактысы келгенде “Король Лир”. Гоголдун “Текшерүүчүсүндө” Айтматовдун чыгармаларынын ичинен “Тавро Кассандранын “ –Энтони Юнгер, тарыхый чыгармалардан Тагай бий.

- Сизди ушул даражага жеткирген устатыңыз?

- Мен кимдир бирөөдөн окуганым дагы жок, үйрөнбөдүм дагы.Себеби окуу сага эчнерсе бербейт, устатың канчалык муну чайнап жут дебесин, дээриңде болбосо бекер кеп. Тек гана убаракерчилик. Талант-бул Жараткандан берилген шыбага. Эмгек кылуу гана керек. Устат жөн гана сөз менен кеңеш,  багыт  берет, ал сага жүрөгүңдү, акылыңды иштетип бере албайт. Менин устатым мыкты устат-Акылбек Абдыкалыков. Өзү чоң философ.

- Менин байкашымча сизге көбүнесе психологиялык жанрдагы ролдор туш келет экен. Режиссёрдун өзүнүн тандоосубу же сиз кызыкдарсызбы?

- Режиссёр мага караганда акылдуу, тажрыйбасы мол болуусу шарт, эгер андай болбосо мен баш ийбейм. Каармандарымдын көпчүлүгү сиз атап өткөн жанрда болсо, анда режиссёр ошол ролдо мени көргөндүктөн го. Өз ишин мыкты билген режиссёр гана мени камырдай ийлеп, бышырып, кейипкерге даяр кылып чыгарып бере алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости