www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда вируска каршы эмдөө үчүн электрондук паспорт берет

Орусияда коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы эмдөөнүн электрондук паспортторун бере баштады. Бул кызмат мамлекеттик кызматтардын порталында 1-январдан тарта иштей баштады. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашко билдирди.

Министрдин айтымында, коронавируска каршы эмделген адамдар жөнүндө маалымат мамлекеттик реестрге киргизилет жана электрондук эмдөө сертификаты автоматтык түрдө берилет . Мурашко мындай кызматтын пайда болгонун декабрдын аягында жарыялаган.

Эми эмдөө белгиси эч жерде талап кылынбайт. Бирок декабрь айынын аягында Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эмдөөдөн кийин студенттер жана 65 жаштан жогору тургундар кайрадан жеңилдетилген жана акысыз саякаттоо укугунан пайдалана алышат деп билдирди. «Вакцинациядан өткөн адамдар акырындык менен кадимки жашоого кайтып келиши керек» деди ал өзүнүн сайтында.

Массалык вакцинация дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда жарыяланган, бирок иш жүзүндө ал Израилде, АКШда, Улуу Британияда, Германияда жана Кытайда гана жүргүзүлөт. Калктын басымдуу бөлүгүн Израиль гана эмдөөгө жетишкен, башка өлкөлөрдө эмделгендердин үлүшү 2% га да жете элек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости