www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам боюнча: «соттор көз карандысыз болуш керек», «соттордун кол тийбестиги бар» деген сыяктуу көп эрежелер бар. Бирок, бул эрежелер биз, кыргыздарга такыр жарашпаган, туура келбеген, жыйынтыгында коррупцияга жол ачып берген эрежелер болуп эсептелет.
Демократиянын деле зыянын аябай тартып жатканыбызды өзүбүз 30 жылдан бери сезбей жатабыз. А түгүл, өзүбүз калып, эшиктеги байланып турган итибизге чейин демократияны бетибизге тутуп, өз билген намазыбызды окуп калдык.
Себеби, биз кыргыздар: бөрк ал десе баш алган, тартипке баш ийбеген, бири-бирибизден кыйын болуп сөз бербеген, эркиндик деп күрөшүү өзүбүздүн каныбызда бар.
Камчыбек Ташиев соттун төрайымы Калиеванын кылмыштуу ишке тиешеси бар экенин айтып, аны текшеребиз деп койсо, жабыла Ташиевге асылышып: «Күнөөсү далилдене электе кылмышкер болбойт», «күнөлүүсүң деп сот гана айта алат», «Ташиевдин сотторду текшергенге акысы жок» деп жажалактап чыгышты.
Дал ушул жажалактап чыгып жаткандар кыпкызыл коррупционерлер. Сотторго тийип болбосо, билген богуңарды жей бергиле деп, эки чылбыр бир тизгинди колдоруна берип койсок, «тем более» бул соттор Атамбаевдин элегинен өтүп, Атамбаевдин кол бала соттору экенин билсек, дал ушул соттор Атамбаевдин буйругу менен Текебаевди, Садыр Жапаровду чектен чыккан шермендечилик менен соттогонун көргөн болсок, анда биз бул сотторго кантип ишебебиз? Ушул сотторго көз карандысыздыкты берип болобу?
Бул деген карышкырга кой кайтарткандан да жаман иш го. Кантип анан коррупция менен күрөшөбүз? Жогоруда сотторго карата колдонулган эрежелер мүмкүн башка өлкөлөрдө, так айтканда мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө колдонулушу туура болот. А бизде сот эркиндиги деген нерсе, «коррупцияны кыла бер» деген менен барабар.
Батукаев эч качан Атамбаевдин кийлигишүүсү жок чыгып кете албайт эле. Бул Чым-Коргондогу жиндилерге деле белгилүү. Ал эми соттор Атамбаевди Батукаев боюнча актап олтурушат. Актабай көрсүнчү, эртең эле Атамбаев алардын ар биринин шермендесин чыгарат. Шалактап сүйлөп койю боюнча Атамбаев дүйнөнүн чемпиону экенин жакшы билебиз.
Ал эми ТЭЦтеги 600$дык кычкач, музейдеги 600$дык жыгачтар, 1500$дык кагаздан жасалган аттар жасалган кылмышы боюнча почерки бирдей болуп турса да, экөөндө тең Сапар Исаков түздөн-түз аралашканына карабай, Сапарды музей боюнча актап коюшту. Эми болсо, Атамбаев менен Сапарды ТЭЦтен тазалап, алардын ордуна Асылбек, Сооронбай Жээнбековдорду күнөөлөп жатышат. Бул деген барып турган акмакчылык, трайбалистик көз караш, коррупциянын жеткен чеги.
Көз көрүнө кыргыз элинин төбөсүнө чыгышып, билген богун жеген бул сотторду түп тамыры менен жоготуп, сот реформасын башташ керек. Бул соттор бүгүнкү күндө Убактылуу Өкмөттүн шакалдары, батыштын күчүктөрү, Мадумаров сыяктуу атамбаевский жүгүртөктөрүнө кошулушуп, Садыр Жапаровго, Камчы Ташиевге ачык эле каршы иштеп жатышат. Булар өздөрүнө ылайыкташтырып мыйзамдарды өзгөртүп, бурмалап алышы турган кеп, себеби булардын кесиби юрист.
Кудай буюрса 10-январь күнү элдик лидерибиз Садыр Жапаровду шайлап алсак, биздин эң биринчи милдетибиз: Атамбаевдин сотторун жоготуп, тез арада сот реформасын жүргүзүүнү талап кылышыбыз керек. Садыр Жапаров, Зулушовдор таза, булганбаган сотторду таап коюшат. Мына ошондон кийин гана сотторго көз карандысыздыкты беришсин. Азыркылар бүт Атамбаевдин жанынан орун ала турган соттор.
Шамурза Бөрүкулов
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg