www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Транспорт министрлиги 2025-жылы коомдук транспортто жүрүүнү толугу менен акысыз кылышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка карганда, Министрлик даярдаган транспорт стратегиясы боюнча долбоорго ылайык, "колдонуучу төлөйт" аттуу механизм ишке кирет. Бул схема боюнча 2025-жылдан баштап аймактык маанидеги жолдо жүргөн айдоочулардан акы алына баштайт. Ал эми 2035-жылы бардык категориядагы айдоочулар акы төлөйт.

Долбоордун авторлору "колдонуучу төлөйт" механизми транспорт инфраструктурасын каржылоого көмөктөшүп, ири шаарларда жеке автоунаа менен жүргөндөрдүн санын азайтат деп эсептешет.

Белгилей кетсек, өлкөнүн транспорт министрлиги адамдарды калк жашаган аймактарда велосипед, самокат жана башка мотору жок транспорт менен жүрүүгө үндөөнү сунуш кылып жатат. Турак жайлар жыш жайгашкан райондордо дагы метро, жеңил рельстүү транспортту өнүктүрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости