www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Донбасстын ыктыярчылар союзу Украинанын түштүк-чыгышындагы жаңжалды күчөтүүгө камданып жатат» деп билдирди экс-министр Александр Бородай.

Анын айтымында, Донбасстагы чыр-чатак курчуп, Украинанын Куралдуу Күчтөрүнө чабуул жасала турган болсо, «орусиялык ыктыярчылар келишет». Ал уюм мындай сценарийге кандайча даярданып жаткандыгын так айткан эмес.

Бородай ошондой эле, согуш аракеттери апрель айына чейин башталбайт, анткени, кыштан кийин жер кургай электигин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Денис Пушилин Киев Донбасстагы кырдаалды солкулдатууну улантууда, бирок аталган өлкөнүн аскер кызматкерлери ар кандай дипломатиялык же аскерий чабуулдун мизин кайтарып, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын коргоого даяр экендигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости