www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр боюнча 65 киши каза болуп, 129 жаран майып болуп калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Айрымдар эми азыр кыйын болуп жатышат. Анда эмнеге ушунча жылдан бери 8 тыйынга өзгөртүү киргизип коюшкан жок. Кумтөр боюнча 65 киши каза болду. Кыргызстандын 129 жараны майып болуп калды. Дагы бир тобу компенсациясын ала албай жүрөт. Андан сырткары мөңгү кетти. Жол, экология маселелери турат. Эмне үчүн ушулар боюнча бир да кылмыш иши козголгон жок. Бул боюнча иш козголуп бирок жабылып калган айрым адамдар Ак үйдө отурат. Коррупция менен күрөш болуп жатканда булар дагы мыйзам чегинде жоопко тартышы керек”, - дейт Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости