www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядан  кыргыз жарандары мекенине кайтып келишти

Бүгүн, 13-августта "Манас" эл аралык аэропорту "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Санкт-Петербург – Бишкек" багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 151 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин Санкт-Петербург шаарында жашаган Кыргыз жарандарынын биргелешкен ыкчам штабынын алдындагы комиссия түзгөн.

"Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости