www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын 200 миллион доллар парасын ким жеген?

Кыргызстан ЕАЭБге кирерде Орусия мекенибиздин даярдык ишчараларына 200 миллион доллар грант катары бөлүп берген. Бирок ошол кездеги Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөт ал акчаны мамлекеттер арасында кыргыз элинин кызыкчылыгына пайдаланбай, Андрей Бельяниновдун жеке чөнтөгүнө, Араз Агаларов жетектеген “Крокус” фирмасына 129 миллион долларды которттуруп бергени ачыкталабы?

Буга түздөн-түз тийешеси бар катары экономика министри Темир Сариев жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун ысымдары аталып жүрөт. Мамлекетибиз ЕАЭБге эч кандай даярдыгы жок киргенин кантип унутабыз? Ар кандай лабораториялар жана чек ара бекеттери кеч же кайра өзүбүздүн башка булактардан курулган. Тергөө органдары бул маселени териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктайт деген ишенимдебиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости