www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы үч жыл ичинде орус аскерлеринин Сириядагы операцияларынан 18 миңден ашык киши, анын ичинде сегиз миң жай тургун, үч миңден ашык аял жана балдар мерт болду. Бул тууралуу жекшембиде Сириядагы адам укуктарынын сакталышына көз салган мониторинг борбору кабарлады.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2014-жылдан бери Орусия Сириянын президенти Башар Асадга көзөмөлүндөгү аймактарды эки эсеге кеңейтүүгө жардам берди.

Баяндаманын авторлору өз билдирүүсүндө БУУнун Коопсуздук кеңешин тез арада сириялыктардын өлүмүн токтотуп, андагы ыктымал аскердик кылмыштар боюнча сот акыйкаттыгына жетишүүгө чакырышкан.

Өз кезегинде Москва үч жыл ичинде Сириядагы операцияларда 85 миң террорчу жок кылынганын билдирүүдө. Расмий маалыматтар боюнча бул мезгил ичинде 112 орус аскери мерт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги 8 учагын, 7 тик учагын, ошондой эле жердеги дагы бир техникасын жоготконун мойнуна алган.

Буга чейин америкалык чиновниктер АКШ башында турган Коалициянын «Ислам мамлекетине» каршы операцияларынан 1100дөн ашык жай тургун каза болгонун билдиришкен. Бирок укук коргоочулар бул сандар алты эсе көп деп эсептешүүдө.

Орусия расмий түрдө Сириядагы жаңжалга үч жыл мурда, 2015-жылдын 30-сентябрында катыша баштаган. Москва мындай кадамга Дамаск терроризмге каршы күрөштө жардам сурагандыктан улам барганын билдирген. Бирок Сириянын оппозициясы менен батыш өлкөлөрү Кремлдин чыныгы максаты Асадга каршылык көрсөтүп жаткан тарапты басып, анын өкмөтүн сактап калуу экенин билдиришкен. Эл аралык коомчулук үч жылдан бери Орусия Сирияда аскердик кылмыштарды жасап жатышы мүмкүн деген шектенүүлөрүн бир нече жолу айтып чыккан. Мындан тышкары АКШ Москваны Асаддын ыктымал химиялык куралдарын жашырууга айыптоодо. Кремль бул айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

Булак: "centralasian"

Последние новости