www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 9-апрелден баштап 52 өлкөгө учууга тыюу салган ковид чектөөлөрүн алат. Бул тууралуу орус премьер-министри Михаил Мишустин билдирди. Тизме Орусия менен достук мамиледеги мамлекеттерден турат. Маселен, тизмеге Ооганстан, Мисир, Кытай жана Марокко кирген.

Аткаминердин айтымында, коронавирус инфекциясын жуктуруу көрсөткүчү азайды, буга байланыштуу орусиялык аба компанияларынын учуу багыттарын көбөйтүүгө мезгил жетти.

Мындан тышкары, 9-апрелден тартып Кытай менен чек арада орусиялыктар менен чет өлкөлүк жарандар үчүн киргизилген чектөөлөрдүн баары алынат.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Евробиримдиктин мүчөлөрү, АКШ, Улуу Британия жана башкалар орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости