www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге барган деп айыптады. «Америка добушу» радиосу маалымдагандай, CBS телеканалына берген интервьюда украин лидери: «Бул – чыныгы геноцид. Бир улутту жана элди кырып жок кылуу», - деп айтты.

Анын алдында айтылган расмий маалыматка ылайык, украин армиясы орус аскерлеринен бошотулган Бучада карапайым тургундардын денелерин тапкан. Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт менен видеолорду «кезектеги чагым» деп сыпаттады.

Human Rights Watch укук коргоо уюму «орус аскерлери согуш эрежелерин бузган бир нече учурду каттаганын» билдирди. Сөз Чернигов, Харьков жана Киев облустары тууралуу жүрүүдө.

Зеленский орус куралдуу күчтөрүн катуу сындап, Кремлдин лидерлерин Бучага келип, согуштук аракеттердин кесепеттерин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Анын айтымында, орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери үчүн президент Владимир Путин жана орусиялык аскер жетекчилери жооп бериши керек. Батыш лидерлери Бучада жайкын тургундардын жансыз денелери табылганы тууралуу маалыматтарды Орусияны айыптоо менен кабыл алышты.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости