www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Пакистандын жараны кармалды

Издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны Бишкек шаарынан кармалганын 5-апрелде Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш 2019-жылдын ноябрында жасалган.

Бул күнү Пакистандын жараны арыз ээсинен 315 миң сом алып, «Хонда жаз» үлгүсүндөгү 3 автоунаа берүүнү убадалаган. Бирок алданганын билген жабырлануучу 2020-жылдын 5-августунда милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факт алдамчылык болуп катталган.

Көп узабай Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан Пакистандын 1966-жылы төрөлгөн жараны Д.А. шектүү катары кармалып, соттун чечими менен СИЗО-1 абагына 1 айга камакка алынган. Кийин үй камагына чыгарылып, бирок сот отурумдарына катышкан эмес.

Буга байланыштуу ал кайрадан кармалып, камакка алынды. Шектүүдөн жабыркагандарды милиция 0(703) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 номурлары жана «102» кызматы аркылуу кайрылууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости