www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия лидери Владимир Путин "Чет элдик касташкан өлкөлөрдүн аракеттерине байланыштуу визалык мүнөздөгү жооп берген чаралар жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Документ укуктук маалыматтык порталга жайгаштырылган.
Евробиримдик, Норвегия, Дания, Исландия, Швейцария жана Лихтенштейн менен түзгөн келишимдеги виза берүүдөгү жөнөкөйлөтүлгөн бир катар пунктуларды Орусия токтотту. Тагыраагы, кеп ЕБ өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү жана журналисттер жөнүндө болуп жатканын РИА Новости билдирди.
Дипломатиялык паспорт ээлеринин Орусияга визасыз кире алышын камсыздаган норма токтотулду. Президент ТИМге ЕБдин жарлыкта саналган мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрү жана элчиликтерине жаңы эрежелер туурасында кулак кагыш кылууну тапшырды. Андан сырткары, Орусияга кирүүдө достукка жатпай турган кадамдарды жасаган чет элдиктерге жана жарандыгы жокторго жеке чектөөлөрдү киргизүү да айтылды.
Өкмөт указда айтылгандар боюнча эл аралык келишимдерди токтотуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жана аны Мамлекеттик Думага киргизиши керек.
Орусия менен Евробиримдиктин мамилеси Украинага карата демилитаризация жана денацификация боюнча атайын операция башталгандан тарта кадимкидей начарлады. АКШга куйрук улай эле ЕБ Москвага карата санкцияларды киргизди. Орусиялык энергоресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча чакырыктар арбып, ар кыл мамлекеттер көптөгөн орусиялык дипломаттарды мекенине жөнөттү.
Москва жооп иретинде кастык мамиледе болгондордун тизмесине ЕБдин 27 мамлекетин жана аталган биримдикке кирген дагы 10 өлкөнү киргизди. Азыр ал тизмеге АКШ баш болуп 48 өлкө киргизилген.
Булак: NazarNews.kg