www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Шербек Султанбеков Саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларды жабууга укугу жок экендигин айтты.

Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, таануунун, токтотуп туруунун, кайра калыбына келтирүүнүн жана жокко чыгаруунун тартибин Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт. Бул тууралуу Шербек Султанбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, лицензиялык талаптарга жооп бербеген медициналык окуу жайлар жабылып калса, ал жерде окуган студенттердин кийинки билим алуусу окуу жайдын жетекчилерине жоопкерчилиги жүктөлөт.

"КРде билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, таануунун, токтотуп туруунун, кайра калыбына келтирүүнүн жана жокко чыгаруунун тартибин Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт. Демек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин окуу жайларды жабууга укугу жок. Учурда өлкөдө 23 медициналык жогорку окуу жайы бар. Алардын 17си жеке менчик, алтоо мамлекетке карайт. Медицина багытындагы студенттердин жалпы саны 39 850нү түзсө, анын 23 012си мамлекеттик окуу жайларда билим алат. Лицензиялык талаптарга жооп бербеген медициналык окуу жайлар жабылып калса, ал жерде окуган студенттердин кийинки билим алуусу окуу жайдын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигинде болот", — деди Султанбеков.

Ошондой эле адис өлкөдө медициналык окуу жайлардын көбөйүшүнө нормативдик укуктук актыларда клиникалык базаны ижарага алып иштетсе боло турганы себеп экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости