www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик орус дипломаттарын аймагынан чыгарат

Берлиндеги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 40 кызматкерин Германия “нон грата” адам деп атады. Эми алардын бардыгы Германиянын аймагынан чыгып кетиши керек. Өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок мындай чечимди түшүндүрүп жатып, дипломаттар “ар күн сайын эркиндикке жана коомдун биримдигине каршы иштегенин” билдирди.

Ал Бучанын көчөлөрүндө жаткан адам денелеринин сүрөтү орус жетекчилигинин украиналыктарга карата болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгы экенин белгилеген. Немис ТИМмнин башчысы Москвага карата санкцияларды күчөтүүнү жана украин армиясына колдоону көбөйтүү менен НАТОнун чыгышка карай бекемдөө үстүндө иштей турганын убада кылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Германиянын бул аракети жоопсуз калбай турганын айткан. Германияда жалпысанан 104 дипломат каттоодон өткөн.

Орус дипломаттарын өз өлкөсүнөн чыгаруу чечимин Франция дагы кабыл алган. Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөдөн 30 дипломат чыгып кетиши керектигин жазышты. Орусиянын ТИМи Париждин аракетине карата дагы жооп боло турганын билдирди.

4-апрелде Литва жана Латвия дагы орус элчилерин өлкөдөн чыгарууну чечкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости