www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинанын Бучадагы кыргынды чагымчылык деп, ал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чакыруу үчүн жасалган Москванын экинчи аракети ийгиликтүү болбой калганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биз кечээ эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү талап кылганбыз. Азыр ал кеңешке төрагалык кылып жаткан биздин британиялык кесиптештерибиз аны өткөрүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү аракетибиз да ордунан чыкпай калды", — деди Лавров Буча боюнча РФтин БУУнун Коопсуздук кеңешин чакыруу аракети туурасында айтып берип жатып.

Атайын операция учурунда Украинада фейктер ачык эле жарыяланып, анын негизинде пропагандалык кампания жасалган. Министр “бир нече күн өткөндөн кийин чындык ачыкка чыгып, ал темада эч ким деле сөз кылгысы келбей калганын” белгиледи.

"Марттын башындагы Мариуполдо төрөт үйүндө трагедия болду деп жалган маалымат таратканда анын калп экенин далилдеген сыяктуу эле, бул фейктердин да бетин ачабыз. Россиянын Куралдуу күчтөрү реконфигурация алкагында 30-мартта эле Бучаны таштап чыгып кетишкен. Андан кийинки үч күн катары мэр телевидениеден чыгып сүйлөп, шаар кадимки калыбына кайтып келе жаткандыгын айткан. Ал жакта Украинанын куралдуу күчтөрү барганын маалымдап, сүрөттөрдү көрсөткөн, анда эч кандай өлүктөр болгон эмес. Кыязы, үч күндөн соң ушундай нерсени уюштуруп, көрсөтөлү дешсе керек ", — деди Лавров.

Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.

Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.

Шаардын түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости