www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Корея аскердик тирешүүгө барса өзөктүк курал колдоноорун айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости жазат

Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары - аскердик тирешүү болсо, Түндүк Кореянын согуштук өзөктүк күчтөрү "өз милдетин аткара турганын" белгиледи.

Ошондой эле, ал - Түштүк Кореянын коргоо министринин Түндүк Кореяга карата алдын ала сокку уруу тууралуу билдирүүсүн "өтө чоң катачылык" деп атады.

Буга чейин сөз болуп жаткан министр Со Ук - Түштүк Корея таамай атуучу ракеталарга ээ экенин жана соккунун кесепети катуу болоорун эскерткен. Анын бул сөздөрүн уккан Ким Ё Чжон түштүк кореялык министрди "таштанды" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости