www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын аймагындагы Американын биологиялык лабораториясы тууралуу Америка Кошмо Штаттары менен Украина маалымат бериши керек деп Орусия билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Москвада жумалык маалымат жыйынында Украинада АКШнын биологиялык лабораториясы бар экенин, АКШнын бул темада жетиштүү түшүндүрмө бербегенин айтты.
Захарова: "Биз Киев менен Вашингтондон Украинанын аймагындагы лабораториялардагы аскердик биологиялык активдүүлүк боюнча бардык маалыматтарды берүүнү жана бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү суранабыз",- деди.
АКШнын Орусияны биологиялык куралга байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу менен айыптаганына көңүл бурган Захарова: "Америка Кошмо Штаттары бул жаатта өзүнүн кадамдарынан эл аралык коомчулукту алаксытууга аракет кылууда",- деп айтты.
Мария Захарова алар механизмдерди Биологиялык курал боюнча конвенциянын алкагында иштете аларын баса белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан абадан коргонуу ракеталык системаларын сураганын жана бул багытта билдирүү жасаганын белгилеген Захарова: "Мындай билдирүүлөр өтө кооптуу. Мындай курал-жарактарды жеткирүү да туруксуздукка алып келет жана Украинага тынчтык алып келбейт",- деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg