www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Галина Куликова саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жасаган мыйзам бузууларга чара көрүү өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Бул тууралуу Куликова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирген.

"Мен бул жерге президент Жапаровдон, компетенттүү органдардын жетекчилеринен сурайын, кайрылуу жасайын деп келдим. Бейшеналиев уюштурган, мамлекеттик кызматкердин этикасынын нормалары, ар-намыс түшүнүгү, намыс түшүнүгү жок болгон бул аракеттерди токтотуп койгула. Ким жаргон колдонуп, өлкөнүн ардактуу инсандарын кемсинтип жатат? Маданият ишмерлери, илимпоздор, илим үчүн жанын берген адамдар кол койгон кайрылууга эмне үчүн эч ким көңүл бурган жок", — деди Куликова.

Ошондой эле, Куликова министрди иштен бошотуу чечимин талап кылды. "Бейшеналивдин Акрамовдон кечирим суроосунун кереги жок. Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамовдун жанында турганга да татыксыз. Министрди ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Андай адамдардын мындай кызматты ээлегенге акысы жок", — дейт Галина Куликова.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости