www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Мамлекеттик думасына Кырым аймагынан шайланган депутаты Михаил Шеремет АКШнын президенти Джо Байдендин Украинага көрсөткөн жардамын Орусияга каршы чабуул деп атап, америкалык лидерди өлкөсүн кыйроого алып бараткан Титаниктин капитанына салыштырды. Белгилей кетсек, Байден - АКШ ушул аптада Украинага 1 миллиард доллар коргонуу жардамын котороорун айткан.
«Байден Орусияга каршы кезектеги чабуулун жасап, өз өлкөсүн экономикалык жана саясий кыйроого жакындатат. АКШ сөзсүз түрдө Орусияга киргизген санкцияларынын натыйжасында алардын артынан кайтып келе турган чечилгис проблемалардын айсбергине туш болот. Америка Кошмо Штаттары деген лайнерди Байден сөзсүз өлүмгө айдап бара жаткан Титаниктин капитанына көбүрөөк окшоп баратат», - деди Шеремет РИА Новостиге.
Анын айтымында, Байден өзүнүн кастык жана агрессивдүү саясаты менен бүткүл Америка элинин жыргалчылыгын коркунучка кептеди. «Украинадагы атайын операция Киев режими жана анын батыштык кожоюндары канчалык каршы чыкпасын, аягына чыгарылат», - деп баса белгиледи депутат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg