Жалал-Абад облусунда 569 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Көк-Арт дарыясынын 10-коргоочу тосмосунун сол жээгинин 15 метр аралыгына жана Жалал-Абад шаарындагы Живпром тилкесиндеги 569 турак үйгө, 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралды. "Азыркы тапта жеринде облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан дарыя жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Көк-Арт дарыясында секундасына 50 куб суу агууда.
Булак: NazarNews.kg