www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын 24-февралда өлкөсүнө баштаган чабуулун Украина президенти Владимир Зеленский согушка каршы коалицияны кеңейтүү менен токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Зеленский Твиттердеги билдирүүсүндө, Гватемаланын Украинаны колдогонун жана бул үчүн ыраазы экенин билдирип: "Биз Гватемаланын орус агрессиясына каршы күрөшүн жогору баалайбыз", - деп маалымдаган. 

Согушту биргелешип токтотуу керектигин белгилеген Зеленский: "Биз согушка каршы коалицияны кеңейтишибиз керек. Келгиле, согушту чогуу токтотолу",-деп айткан. 

Белгилей кетсек, Орусия Украинадагы согуштук аракеттерин 24-февралда баштаган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабай, азырынча согуштун качан токтошу бүдөмүк бойдон калууда.  Ошондой эле, согушту токтотуу максатында Путин менен Зеленскийдин жакынкы арада жолугушуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости