www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында жумуш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясынын» башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Орусиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, анын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргызстандагы «Бириккен дан компаниясынын» филиалынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Маалымдама: «Бириккен дан компаниясы» деп аталган акционердик коом – дүйнөлүк рынокто орусиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.  Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Орусиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости