www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын шаарларында вебкам порно-студиялардын түйүндөрү аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Полиция интернет аркылуу порнографияны жайылткан уюшкан кылмыштуу топ Шымкентте аныкталганын кабарлаган. Шектүү катары Казакстандын алты, Кыргызстандын беш жараны кармалды.

Шымкенттин полиция департаментинин жетекчисинин орун басары Арман Бейсенбаев билдиргендей, соцтармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда өткөн жылдын июль айында онлайн режимде иштеген порностудия аныкталган.

"Биз жарым жылдай издөө амалдарын жүргүздүк. Натыйжада Алматы, Нур-Султан жана Шымкент шаарларынын тургундары табылды. Алардын алтоо казакстандык, бешөө Кыргызстандын жарандары болуп чыкты", — деди Бейсенбаев.

Шектүүлөр дээрлик бир эле учурда Казакстандын үч ири мегаполисинен, ижарага алган батирлеринен кармалган. Алардын жанынан 44 миң доллар табылып, Toyota Camry-70 жана Lexus GX 460 үлгүсүндөгү эки автоунаа алынган.

Сотко чейинки тергөө амалдары Кылмыш кодексинин "Уюшкан кылмыштуу топту уюштуруу жана жетектөө" жана "Жашы жете элек кыздар катышкан порнографиялык материалдарды даярдоо жана жайылтуу же аларды порнографиялык маанайдагы иштерге катышууга тартуу" беренелери боюнча жүргүзүлүп жатат.

"Бул кылмыштуу топту Кыргызстандын жараны уюштуруп, жетектеген. Аны жана анын шериктеринин үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылды", — деди полициядан.

Ижарага алынган он батирге веб-порностудия уюштурулган. Анда 50 кыз иштесе, алардын экөө жашы жете электер болгон. Студиянын аудиториясын негизинен чет элдик жарандар түзөт. Алар интимдик маанайдагы видеолор үчүн акча төлөшөт.

Полиция Казакстанда порностудия биринчи ирет аныкталганын белгиледи. Бул уюшкан кылмыштуу топ трансулуттук болушу мүмкүн экени божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости