www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолукту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирди. Ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын айтты. Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости