www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

"27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо Бишкектеги эки округда — Биринчи май жана Свердлов райодорунда өттү. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 6 миңге жакын шайлоочунун добушун алуу менен алдыга чыктым. 9-мартта БШК менин талапкерлигимди шайлоодон алып салган, бирок жеңишимди алып салган жок жана бул факт тарыхта түбөлүк калат. Мамлекет башчы катары ар дайым чындык тарабында турасыз деп ишенем. Менин талапкерлигимдин айланасындагы жагдайлар калыс чечилишин өтүнөм", - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген. Талапкер БШКнын чечимине каршы административдик сотко арызданган. Бирок, сот БШКнын чечимин күчүндө калтырган. БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости