www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайстын Орусия Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүн деген билдирүүсү негизсиз жана жөн гана чагымчылдык. Мындай пикирин Орусиянын Вашингтондогу элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн ууландыруучу химиялык куралы жок экени, химиялык куралдын мурдагы запастары жок кылынганы белгиленген.

«Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып жатат. Бирок алардын колунда химиялык согуштук курал жок, анткени биздин өлкөдөгү химиялык куралдын бардык запастары 2017-жылы жок кылынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Дипломатиялык миссия Украинанын радикалдары химиялык заттарды колдонуу менен провокацияларды даярдаганы тууралуу тастыкталган маалыматтар тынчсызданууну жаратаарын белгиледи. Мындан тышкары, бул заттар кандай келип чыкканы чоң суроо пайда кылары кошумчаланды.

Ошондой эле, элчилик АКШ жетекчилигин жалган маалымат таратпоого жана химиялык куралды жок кылуу процессин тездетүүгө чакырды.

«Биз Вашингтонду жалган маалымат таратпоого үндөйбүз. Анын ордуна кесиптештер өз мамлекетин химиялык демилитаризациялоо процессин күчөтүшү керек. АКШ дагы эле Химиялык курал боюнча конвенциянын катышуучусу, бирок эл аралык милдеттенмелерин аткарбаган жалгыз өлкө. Америкалык арсенал адамзат үчүн реалдуу коркунуч болуп саналат», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости