www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын вице-премьери Марат Хуснуллин орусиялык курулуш компанияларына Батыштын санкцияларынан улам Азия мамлекеттеринин курулуш материалдар рыногуна көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу Прайм ресурсу жазды.

"Жакынкы аралыкта биз Европадан эч нерсе албайбыз", — деген Хуснуллин.

Вице-премьердин айтымында, бийлик (Орусия – ред.) учурда Азия рыногу менен өз ара кызматташууну колдоо чараларын иштеп чыгып жатат.

Эске салсак, 2022-жылдын 24-февралында таңдан тарта Орусия Украинаны куралсыздандыруу боюнча атайын операция баштады. Президент Владимир Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон. Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украина бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган.

Чыңалган кырдаал олуттуу кесепеттерге алып келе баштады. АКШ жана Батыш өлкөлөрү, дүйнөлүк ири уюмга мүчө болгон бир нече өлкөлөр Орусияга каршы чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул ар кыл тармактарды камтыды. Алардын арасында спорт, экономика, байланыш, гуманитардык багыттар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости