www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду 5-6-март күндөрүнө белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда  эки ирет сүйлөшүүлөр жүргөн. Алгач 28-февралда, экинчи жолу 3-март күнү жолугушуу уюштурулуп, Украинадагы согуштук абал талкууланган.

3-марттагы жолугушууда тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашкан.

Владимир Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Юрий Подоляк жарандарды эвакуациялоо үчүн атайын байланыш каналдарын түзүү пландалып жатканын айтып, бирок Украина күткөн жыйынтыкка жетпегенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости