www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Казакстан менен Өзбекстанга газды ушул айдан тарта жеткире баштайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

4-октябрда Казакстандын энергетика министри Алмасадам Сатгалиев өлкө октябрь айынын аягына чейин Орусиядан Өзбекстанга газ жеткирүүнү баштоого ниеттенип жатканын кабарлаган. Ал бул жараян оңдоо иштери аяктагандан кийин башталарын белгилеген.

2022-жылы ноябрда Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен "газ үчилтигин" түзүү планын жарыялаган. 2023-жылдын май айында казак өкмөтү Орусиядан Өзбекстанга газ транзити боюнча сүйлөшүүлөр башталганын ачыктаган.

Быйыл июнь айында Өзбекстан Орусиядан 2,8 миллиард куб метр газ сатып алуу боюнча эки жылдык келишим түзгөн. Келишимде суткасына 9 миллион куб метр газ импорттоо каралган. Буга чейин газ 1-октябрдан тарта бериле турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости