www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кострома облусунун Тергөө комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын эки жаранына карата кылмыш ишин иликтөөнү аяктады.

Облустук тергөө комитетинин сайтында маалымдалгандай, аларга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүгү (Каракчылык), 127-беренесинин 3-бөлүгү (Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу), 131-беренеси (Жашы жете элек баланы зордуктоо) боюнча айып тагылууда. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2022-жылдын 14-октябрында Костромадагы жеке үйлөрдүн биринде жергиликтүү төрт тургун, алардын экөө жашы жете элек, эркек тааныштарына конокко келген. Ал жерде алар мас абалында кече уюштуруп, анда айыпталуучулар жабырлануучуларга кол салып, андан соң уюлдук телефонун, зер буюмдарын жана акчасын алып алышкан.

Ошол эле учурда аларды ичке темир жана жыгач менен сабап, өлтүрөбүз деп бычак менен коркутушкан. Мындан тышкары, эркектердин бири жашы жете элек кызды зордуктаган. Айыпталуучунун таанышы үйгө келгенден кийин жабырлануучулар кетишкен.

Айыпталуучулар камакта. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости