www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги Юстиция министрлиги жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте "Талибан" кыймылынан террористтик уюмдун статусун алып салуу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ТАСС кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып билдирди.

«Акыркы чечимди өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги кабыл алат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов ТАСС агенттигине “Талибан” кыймылынын делегациясы “Орусия-Ислам дүйнөсү: КазанФорум” форумуна чакырылганын, 14-19-майда Казанда өтөт. Анын айтымында, Орусия Ооганстандагы "Талибан" убактылуу өкмөтү менен антитеррордук иш-аракеттер боюнча "үзгүлтүксүз" кызматташат.

“Талибан” кыймылы Орусияда террористтик уюм катары таанылып, анын ишмердүүлүгүнө Орусия Федерациясында 2003-жылы – БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан тиешелүү тизмеге киргизилгенден кийин тыюу салынган. Ошол эле учурда Москва көп жылдардан бери талиптер менен мамилесин сактап келет. 2022-жылдын мартында Орусия талиптер бийликке келгенден кийин ооган өкмөтүнүн биринчи дипломатын аккредитациялаган.

Президенттин атайын өкүлү Кабулов "Талибанды" Орусияда террорчулардын тизмесинен чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин деңгээлинде жасалгандан кийин гана мүмкүн болорун билдирди.

Ал үчүн талиптер өзүн маданияттуу алып жүрөрүн көрсөтүшү керек”, - деди Кабулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости