www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль рус-украин делегацияларынын Ыстамбулдагы сүйлөшүүсүндө олуттуу жылыш болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-мартта журналисттерге билдирди. "Украин тарап [өз позициясын] коллективдүү түрдө баяндап, кагазга түшүрө баштады. Андан башка көптү убада кылган олуттуу жылыш болду деп айта албайбыз. Дагы көп жумуш жасалышы керек", - деди Песков.

Орусия делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский эки тараптын 29-мартта Ыстамбулда өткөн бетме-бет сүйлөшүүсүн "маңыздуу" деп мүнөздөгөн эле. Муну улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын жарыялаган.

Киев башка бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Ошондой эле, Украина Москва 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралынын макамын аныктоо үчүн 15 жылдык консультациялык мөөнөттү да сунуш кылган. Песков Крым Орусиянын бир бөлүгү экенин айтып, жарым аралдын тагдырын Москва чечерин белгиледи.

29-мартта украин президенти Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айткан. Ошондой эле украиндер баёо эмес экенин, алар конкреттүү жыйынтыкка гана ишенерин кошумчалаган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости