www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Марио Драги менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында газ үчүн рубль менен эсептешүү чечими тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Европа биримдигинин өлкөлөрү эл аралык мыйзамдарды бузуу менен Орусия банкынын валюталык резервдерин тоңдурганына байланыштуу эсептешүү тартибине өзгөртүү киргизилип жатат", — деп жазылган Кремлдин билдирүүсүндө.

Путин Шольц менен сүйлөшүп жатып, кабыл алынган чечимдер Европанын орусиялык газды импорттоочуларына кедергисин тийгизбеши керектигин белгилеген. Алар бул маселени мындан ары эки өлкөнүн эксперттери талкуулай тургандыгын макулдашкан. Орусиянын президенти Италиянын премьерине ушул эле түшүндүрмөлөрдү берген.

Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Орусия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген. Путин Борбордук банкка Европа менен эсептешүүлөрдү рублге өткөрүүгө бир жума, тагыраагы, 31-мартка чейин убакыт берген болчу.

Бирок Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 30-мартта Россия газын рубль менен сатып алуунун жаңы механизмдери дароо эле күчүнө кирбей турганын, буга убакыт керек экенин билдирди.

Последние новости