www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Новосибирск, Курган, Саратов жана Ульянов облустарында Украинадагы согушка катышуу үчүн ыктыярдуу батальондор түзүлүп, анын курамына киргендерге бир жолу 300 рублден төлөө сунушталууда.

Ал ортодо Согушту изилдөө институту (ISW) Орусиянын аймактарында ыктыярчыларга акча төлөөнүн шарттары өзгөрүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, Башкортостанда ыктыярчы болуп жазылгандарга бир жолу төлөнө турган 200 миң рубль 90 күндөн кийин гана берилет. 2 миң рублдик суткалык төлөмдөр айына бери жолудан берилет. Саратов облусундагы батальонго киргендер да бир жолу 150 миң рублден ала алышат. Бирок бул акча келишимге кол коюлгандан үч айдан кийин берилет.

ISW эксперттеринин пикиринде, акча төлөөнүн шарттарынын өзгөрүшү – бийлик ыктыярчылар акчаны алгандан кийин Украинага баруудан баш тартып коюшу мүмкүн деп кооптонуп жатканына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары ыктыярчыларга дароо акча төлөө үчүн аймактарда каражат тартыш да болушу ыктымал.

Өткөн жуманын соңунда "Атал" деп аталган чуваш батальонунун курамында Украинада согушуп жүргөн 40 ыктыярчы Чуваш республикасынын башчысына кайрылып, келишим түзүү үчүн убадаланган акча жана суткасына төлөнчү айлык берилбей жатканына даттанган.

Чуваш Республикасынын башчысы Олег Николаев 11-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, ыктыярчыларга келишим түзөрү менен 50 миң рублдан берилип, калган сумма үч ай кызмат өтөгөндөн кийин берилиши керек болчу. Бирок аскерлер бир жолу берилүүчү төлөмдү да, суткалык төлөмдөрдү да албаганын билдирүүдө.

Орусиянын аймактарында ыктыярдуу батальондор (иш жүзүндө келишим түзүп согушка баргандардын тобу) 2022-жылы жазында түзүлө баштаган. Андан бери мындай отряддар Москвада, Чеченстанда, Башкортостанда, Пермь крайында, Киров жана Нижегород облустарында пайда болду.

Ыктыярчыларды топтоо – Орусияда "жашыруун мобилизациянын" варианттарынын бирине айланды. Ыктыярчыларды аскердик комиссариаттардан тышкары "Вагнердин жеке аскердик компаниясы" өңдүү жеке компаниялар да кабыл алууда.

Июлдун башында "Важные истории" басылмасы "Вагнердин жеке аскердик компаниясы" өз катарына Петербургдагы абактарда отургандарды да тарта баштаганын кабарлаган. Басылманын маалыматына караганда, согушка барууга макул болгондорго жарым жылдан кийин мунапыс берүү жана айына 200 миң рублден айлык акы убадаланган. Мындан тышкары эгер согушта алар өлүп калса, жакындарына 5 миллион рубль өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости