www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына жымжырттык режимин киргизүү сунушталды

Бишкекте саат 23:00дөн 7:00гө чейин жымжырттык режимин киргизүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев киргизип, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгуусун өтүндү. Андан кийин маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коюлушу керек.

Эл өкүлүнүн мэрге жазган катында мындай документ буга чейин даярдалып, бирок кабыл алынбай калганы айтылат. Бекешев билдиргендей, ал долбоордо түнкүсүн курулуш иштерине тыюу салуу, музыкалык аппаратуранын ызы-чуусун токтотуу сыяктуу маселелер эске алынган эмес.

Депутат оюн-зоок жайларында үн өткөрбөй турган жабдуулар жоктугунан (мыйзамдарда мындай талап жок болгондуктан) айрым куруучулар түнү менен иштеп жатканын, үйлөрдө ремонт иштери жасалып же ызы-чуу менен коштолгон кечелер болуп жатканын айтты. Бекешевдин пикиринде бул учурда милиция эч нерсе кыла албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости