www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорезм облусунда беш жашар бала бакчалардын биринде каза болгонун облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-августта билдирди. 

Маалым болгондой, түштөн кийин облустун райондорунун бириндеги №24 бала бакчага тез жардам кызматы келген. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер баланын каза болгонун билдиришкен.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ошондой эле укук коргоо органдарынын акыркы корутундусу берилгенден кийин кошумча маалымат берилет.

Бул Өзбекстанда бир жумада бала бакчаларда катталган үчүнчү өлүм. Биринчи окуя 28-июлда Кашкадарыядагы бала бакчалардын биринде болгон. Кичинекей кыз эшиктеги айнектин сыныгына өзүн кесип алып, кансырап каза болгон.

Экинчи окуя 1-августта катталган. Наманганда бала түшкү уйкудан кийин ойгонбой калган. Дарыгерлер балага өпкө шишиги жана курч респиратордук инфекция деген диагноз коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости